"Бишкексууканалынын" жардамы ушулбу?

Силерден суранаарым, менин кайрылуумду жарыялап койгулачы. Мен шаарыбыздын Курулушчулар шаарчасындагы 9 кабат үйдө жашайм, балакет басып, туалеттеги темир түтүктөн жарака кетип суу чыга баштаса болобу.

"Бишкексууканалынан" адистерди чакырсак, алар келип карап көрүп – кафелди сындыргыла, анан кайрадан чакыргыла, ошондон кийин гана түтүктү алмаштырабыз, - дешти. Бирөөлөрдү жалдап кафелди сындыртып, кайрадан адистерди чакырсак, - бизде мындай темир түтүктөр жок дешет. Өзүңөрдүн эсебиңерден алмаштырабыз дегенине биз макул болгонубуз менен, эми бул түтүктү кайдан табабыз.

Канчалык нааразы болгонубузду айтпагыла. Техникалык жактан тейлейбиз деген "Сууканалына" эмне үчүн ай сайын акча төлөп отурабыз? Алар шаардыктардын кандай көйгөйлөрү бар экенин билишпейби же оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн берилүүчү керектүү материалдар менен камсыздоо боюнча маселелерди чече алышпайбы жана эмне үчүн ТСЖ бул түтүктөрдү издөө менен алектениши керек?

"Шаарсууканалына" жана мэриянын ыкчам кызматына жардам берүү суранычы менен кайрылып телефон чалсам, алардын берген жообу: түтүктөр да убагы келгенде эскирет, деп жаныңды күйгүзөт. Бул эмне деген оңбогондук, "Шаарсууканалы" менин темир түтүк сатып алган чыгымымды төлөп береби же жокпу? - бул суроого так ушул "Вечеркадагы "Элдик жаңылыктар" рубрикасы аркылуу жооп бергиле!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД