5 жашар баланы издөөгө Казакстандан суучулдар тартылды

Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналынын суусуна чөгүп кеткен 5 жаштагы Барсбекти издөө иштерине Казакстандан суучулдар тартылды.

Бүгүн дагы 115 куткаруучу ишке тартылат. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Сууга түшүп кеткен баланы издөө аймагы Чүй облусундагы Сокулук районунун Камышановка айылынан тартып Чүй суусунун жээги менен 80 км аралыкта Казакстандын чек арасына чейин болмокчу.

-Бала түшүп кеткен Ат-Башы каналынан толугу менен издеп чыктык – аны ал жерден табуу мүмкүн болгон жок. Бул жерде суунун агымы шар экен, каналдын суусу андан ары Чүй суусуна кошулат, болжолу баланы ошол жакка агызып кетсек керек. Ал жакта агым мындан да күчтүү, - деп ӨКМнин кызматкерлери белгилешти.

Кече жакында баланы издөөгө ӨКМ 134 кызматкери тартылды. Ошондой эле өз ара кызматташуу алкагында бул иштерге Казакстан Республикасындагы Жамбыл облусунун куткаруучулары да катышууда. Издөө иштерине баланын туугандары катышып, атасы дайыма куткаруучулар менен бирге жүрөт. Апасы 7 айлык боюнда болгондуктан адис дарыгерлердин колдоосуна муктаж.

Баланын ата-энеси Бишкекте жашайт, өзү болсо чоң ата чоң энеси менен жашачу экен. Балдар бакчасынан үйгө келгенден кийин, достору менен суунун жээгине ойногону кеткен...


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД