Жакында Бишкектеги фонтандар иштей баштайт

"Тазалык" МИ кызматкерлери борборубуздагы фонтандарды ишке киргизүүгө даярданышууда. Бул жөнүндө мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы убакта фонтандар комплекстеринде суунун шорунан тазалоо, жарык берүүчү приборлордун кабелдерин алмаштыруу жана насостор менен электркыймылдаткычтарын иштетүүгө даярдоо жумуштары жасалууда. Ишкананын балансына баардыгы болуп 16 фонтан комплекси кирет.

Ошондой эле ишкананын 24 кызматкери Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы, Жаштар аллеясындагы, "Солнечные рыбки" жана "Асыл таш" комплекстеринде жана Ала-Тоо аянтындагы фонтандарды ишке киргизүүгө даярдоо жумуштарын аткарууда.

Азырынча фонтандарды ишке киргизүү датасы так аныктала элек, бул аба ырайынын абалына жараша болмокчу. Эгер аба ырайы жылуу болсо, фонтандар апрель айынын аягында иштей баштайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД