Ысык-Көл облусуна 12 "Тез жардам" автоунаасы берилди

Караколдун дарыгерлерине салтанаттуу түрдө "Тез жардам" автоунааларын берүү иш чарасы өткөрүлдү. Бул жөнүндө Ысык-Көл облусундагы өкмөт өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө 8 "Тез жардам" автоунаасы облустук, райондук жана шаардык медициналык кызматтарына берилди. Буларды сатып алууну Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду каржылаган. Бул үчүн фонд 7 млн 400 миң сом бөлүп берди, - деп билдиришти өкмөт мүчөлөрү.

Жаңы "Тез жардам" автоунаалары төмөнкү ооруканаларга берилди:

Облустук үй бүлөлүк медицина борборуна - 2 машина.

Облустук бирдиктүү ооруканасына - 1 машина.

Жети-Өгүз райондук ооруканасына - 1 машина.

Ак-Суу аймактык ооруканасына - 1 машина.

Ак-Суу райондук үй бүлөлүк медборборуна - 1 машина.

Балыкчы шаардык үй бүлөлүк медборборуна – 1 машина.

Ананьев борбордук ооруканасына - 1 машина.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД