Шаар майрамында "Элес", "Инсан","Ялла" топтору жана Согдиана ырдашат

Бишкек шаарынын 141 жылдыгын белгилөө майрамдык салтанатына карата программа даярдалгандыгын мэриядан билдиришти.

Негизги майрамдык иш чаралар 29-апрель күнү кечинде саат 19.00. шаарыбыздын "Ала-Тоо" борбордук аянтында болуп өтөт. Кечки салтанатта чет элдик жылдыздардын – россиялык ырчы Согдиана жана өзбек тобу "Ялла", ошондой эле өлкөбэздөгү белгилүү топтор: "Элес", Инсан", атактуу ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова ырдашат.

Мындан тышкары майрамдык салтанаттуу иш чаралар эртең менеки саат 10.00дөн баштап кечке чейин шаарыбыздын баардык райондорундагы коомдук жайларында, эс алуу парктарында, аянттарда ыр-бий көңүлдүү оюндар, конкурстар жана спорттук мелдештер менен коштолот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД