Ботаникалык бактын аймагында базар салынабы?

Саламатсыңарбы. Мени "7-апрель" көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын аймагында базар курууга ким уруксат бергени кызыктырат. Азыркы убакта буклеттерди активдүү таратышып, кызматташууга чакырышууда.

Бирок, Илимдер Академисянын уруксаты жок бул жерге курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт да. Анын үстүнө бул жер сейрек өсүүчү өсүмдүктөрдү жана бактарды өстүрүүчү жабык аймак.

Эми бул жакка баардык базарлардан соодагерлер келип, жашылча сата турган базарды ачууну каалашууда. Бирок, сейрек өсүүчү өсүмдүктөрдү жана бактарды өстүрүүчү корук жерде мындай көрүнүшкө уруксат берилбеши керек!

Элдик жаңылыкты Qwer жазып жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД