Алмазбек Атамбаевден партиянын уставын, мөөрүн, акчасын кайтарып беришин та

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди КСДП атынан өзүнүн саясий ишмердигин токтотуп, партиянын уставын, гербин, мөөрүн жана акчасын кайтарып бериш керек, - деп маалымат жыйыны учурунда Сагынбек Абдырахманов билдирди.

Анын айикан сөздөрү боюнча, эгер бул талап аткарылбаса, алар тиешелүү органдарга кайрылышат.

-Силерге белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы 3-апрелде биз саясий кеңештин көпчүлүк добушу менен бкитилген КСДП партиясынын 18-съездин өткөрдүк. Бул съездге Атамбаев да чакырылган, бирок, ал же корккондугунанбы, же уялганынанбы келген жок. Эми Минюстта партиянын жаңы жетекчилиги каттатылгандан кийин, Алмазбек Атамбаевге партиянын төрагасы алмашканы тууралуу маалымат жөнөтүлдү. Биз Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго КСДПнын жетекчилиги алмашканы, эми банктын которуулары жана башка аракеттер Абдырахмановдун гана колу менен жүрөрүн айттык", - деп кошумчалады Сагынбек Абдырахманов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД