Сууга агып кеткен 5 жаштагы баланын денеси бүгүн, 19-апрелде саат 12:25те Чүй дарясынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Суучулдар баланын денесин Чүй дарыясынын Бирдик жана Гроздь айылдарынын ортосундагы тилкесинен, тактап айтканда ал чөгүп кеткен жерден 12-13 км төмөндөн алып чыгышты.
Баланын денесин ӨКМдин суучулдары табышкан кезде, анын ата-энеси ӨКМ кызматкерлеринин жанында болушкан.
Эске салсак, беш жаштагы Барсбек 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Константиновка айылындагы Ат-Башы каналынын жээгинде ойноп атып, сууга агып кеткен.
VB.KG редакциясы баланын ата-энесине жана туугандарына көңүл айтат.