Мектептин директоруна сөгүш жарыяланды

№ 4 мектеп-гимназиясынын директоруна сөгүш жарыяланды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Бишкек мэриясындагы билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди. Ал кече күнү бул мектептин 8-классынын окуучуларына байланышкан окуяга түшүндүрмө берди.

Эске салсак, кече жакында эки окуучу экинчи кабаттын терезесин жууп жатышкандыктарын видеого тартып Соцтармакта жарыялашкан, ошол эле учурда алар өмүрүнө экинчи кабаттан кулап кетүү коркунучу болгонун түшүнүшкөн эмес.

-Албетте, бул жерде мектеп жетекчилиги тарабынан чоң жаңылыштык кетирилген. Директорго сөгүш жарыяланды. Класс жетекчиси да күнөөсүн мойнуна алды, алардын сөзү боюнча, мугалим өзү жана башка окуучулар класста болушуп – терезе жууган балдардын коопсуздугуна кам көрүп турушкан. Мектептин администрациясы ушундай окуяга жол бергенине өкүнүүдө. № 4 мектепте баардык класстык иштер уюшкандыкта өткөрүлөт, мугалимдери билимдүү. Экинчи мындай иштерге жол берилбейт деген ишеничтебиз. Мугалимдер менен окуучулар жана алардын ата-энелери өздөрү түшүнүк катын жазып беришти. Ата-энелердин мектепке карата эч кандай талабы жок, окуучулар терезени өздөрү жууй баштаган, - деп түшүндүрдү Сауле Мейрманова.

Ал мындан тышкары бул окуядан кийин райондук билим берүү борборлорунда директорлордун чогулушу өткөрүлгөндүгүн айтып берди.

-Бул фактынын жашырылбай ачыкка чыкканы жакшы болду. Мектепте окуучу балдар терезе жуубашы керек, биз мындай көрүнүшкө мурда дагы тыйуу салып келгенбиз. Бул маселени мугалимдер балдардын ата-энелери менен бирге чечүүгө тийиш. Биз азыр окуучулардын жаракат алуусу жана коопсуздугу боюнча директорлор менен маектешүүлөрдү өткөрөбүз, - деп убадасын берди борборубуздагы билим берүү башкармалыгынын башчысы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД