Жолдубаева: Абдрахманов боюнча Юстиция министрине 3 жолу эскерткенбиз

Алмазбек Атамбаев жетектеген КСДП партиясы бир нече жолу Юстиция министрлигинин жетекчисине Сагынбек Абдрахмановдун мыйзамсыз иштери боюнча эскерткен. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына КСДП партиясынын расмий өкүлү жана саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айткан сөздөрү боюнча, партиянын юристи жеке өзү барып Юстиция министринин орун басары Эсеналиев менен жолугуп, Сагынбек Абдрахманов мыйзамсыз түрдө КСДП жетекчилигине шайланган жана аны партиянын реестрине киргизүүгө болбой тургандыгын эскерткен.

-Абдрахманов партиянын жетекчилигин алмаштыруу боюнча билдирүү жиберген. Юстиция министрлигинде анын мыйзамдуу түрдө шайланганын текшерүүсү керек эле. Биз министрликтин жетекчилигинин дарегине кайрылып үч жолу кат жазганбыз. Юстиция министринин орун басары баардыгы мыйзам чегинде каралат деп ишендирген. Андан кийин биздин өкүлүбүз бөлүм башчысы менен жолуккан. Тактап айтканда, алардын баары Сагынбек Абдырахмановдун мыйзамсыз түрдө жетекчиликке шайланганын билишчү. Эми бул мамлекеттик орган саясий заказ аткарып отурганы белгилүү болуп калды. Биз булардын баардыгын жазып Башкы прокуратурага кайрылдык, - деп түшүндүрдү Жолдубаева.

Башкы көзөмөл органында VB.KG редациясына билдиргендей, КСДП төр агасы Алмазбек Атамбаевден Юстиция минстрин жоопкерчиликке тартуу боюнча арызы кече күнү эле келип түшкөндүгүн тастыктады жана азыркы убакта ал карап чыгуу алдында турат.

Эске салсак, Атамбаевдин тарапташтарын КР Юстиция министрлигинин партиялар базасында КСДП жетекчиси катары Сагынбек Абдрахмановдун ысымы көрсөтүлгөндүгү нааразы кылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД