"Жашыл базар" Ботаникалык бакта эмес, анын жанына курулат

VB.KG редакциясында жазылган "Ботаникалык бакта базар курулабы?" макалага "Арча демилгеси" Коомдук фондунан жооп беришти. Алар Facebookтагы өз баракчасына мындай деген маалыматты жарыялашты:

-Шаарыбыздын жашоочулары, Ботаникалык бактын достору жана биздин ыктыярчылар бул факт боюнча өздөрүнүн тынчсызтангандыктарын билдиришүүдө. Ооба, сөз бул жакта жемиш жана жашылдандыруу көчөттөрү сатылуучу базар куруу жөнүндө болуп жатат. Бирок ал базар суу каналы жактагы кароосуз калган тилкеде курулат жана бул аймак Ботаникалык бакка эмес, шаарга тиешелүү. Бул жер тилкеси Ботаникалык бактын жайгашкан деген чаташкан маалымат, бул тилкенин Ботаникалык бактын эки бөлүгүнүн ортосунда жайгашкандыгынан кели чыгып отурат. Кийин биз бул маселе боюнча экологдун кенен түшүндүрмөсүн беребиз, - деп жазылган билдирүүдө.

Коомдук фонд азыртадан баштап соода кылуучу орунду алуу керектиги боюнча "Жашыл базар" долбоорунун дагы бир автору менен болгон кат алышуусун жазып жиберген.

-Баардык шарт түзүлмөйүнчө, азырынча акча алынбайт, Долбоорду толугу менен кийинки сезондо аяктоону пландаштырып жатабыз.

-Бизди ал жактан "жашылдардан" бирөөлөр кубалабайбы?

-Эч ким кубалабайт. Ал жер тилкеси биздики.

Коомдук фонддон бизге түшүндүргөнүнө караганда, долбоордун авторлору бул жер тилкесин ижарага алышкан окшойт.

Бишкектин мэриясында "Жашыл базардын" курулушу боюнча азырынча эч бир маалымат берише элек. VB.KG редакциясы бул маселе боюнча ал жакка кайрылганында, кийинчрээк жооп бере тургандыгын убада кылышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД