Бишкек шаардык соту Хашим Зайналиевге элди дарылоого тыйуу салды

Бишкек шаардык соту табып Хашим Зайналиевге даарыгерлик ишин жүргүзүүгө тыйуу салды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүм башчысынын маалыматы боюнча, Октябрь райондук прокуратурасы борборубуздагы Октябрь райондук сотуна Хашим Зайналиевге уруксатсыз элди дарылоого тыйуу салуу талабы менен кайрылган. Табыптын жактоочусу жогорку инстанцияларга кайрылып, бул чечимди жокко чыгарткан, бирок, Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Белгилей кетсек, Башкы прокуротуранын эскертүүсүнө, Октябрь райондук соттун чечимине карабай, табып дагы эле элдерди дарылоону улантууда.

Жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча мыйзамдын 5-15-беренелерине ылайык, өлкөнүн аймагындагы медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн, жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик орган тарабынан атайын лицензиясы болушу шарт.

Хашим Зайналиев Саламаттык сактоо министрлининен дарылоого лизенция алган эмес. Анын ооруканасында бир нече өлүмгө алып келген учурлар катталган. Хашим Зайналиев декабрь айында камоого алынып, кайра акталып чыккан болчу.

Эске салсак, табып Хашим Зайналиевдин ысымы 2016-жылы өзү дарылаган пациенти каза болуп калгандан кийин белгилүү боло баштаган. Ал үй шартында, анестезиясы жок операция жасаганга аракет кылган, бирок, адис дарыгерлерди чакырууга аргасыз болгон. Ошондой болгону менен ага кайрылгандардын саны азайбай келет. Ал элди онкологиялык жана ички органдардын оорусун айыктырам деп убада берген. Хашим Зайналиевге карата эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок, сотко чейин жетпей калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД