Өзбекстан менен Кыргызстан чек араны тактоо иштерин улантышууда

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара маселесин талкуулоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусуна катышты. Өзбек тараптын делегациясын премьер-министрдин орун басары Элёр Ганиев жетектеди.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында көзөмөл пункттарын түзүү боюнча маселени талкуулашты. Кыргызстандын жана Өзбекстандын делегациясы 2004-жылы 24-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өбекстан Республикасынын Өкмөтү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында өткөрүү пункту боюнча кабыл алынган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында ишти улантуу керектиги боюнча макулдашты.

Мындан тышкары тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында калган тилкелерди тактоо иштерин бүтүрүү максатында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны чектөө жана тактоо иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД