Биздин аткаминерлердин арасында да чет мамлекеттердин тыңчылары болушу мүмк

Экс-депутат Камчыбек Ташиев "Майдан. kg" гезитине маек куруп, депутат Айнуру Алтыбаеванын Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалы учурунда аны көрбөгөндүгү жөнүндө айтканына түшүндүрмө берди.

Атап айтсак, саясатчы эл депутаты кимдир-бирөөнүн буйрутмасын аткарды деп божомолдоду.

"Ичи тардыктын да чеги болот. Алтыбаева депутаттарга кошулуп барса баргандыр, бирок, анын барган-келгенин да эч ким байкаган жок. Балким ал кимдир бирөөнүн буйрутмасы менен ушунтип сүйлөгөндүр. Мен башында айткам, эми дагы кайталап кетейин, мен Баткенге чек ара маселесин чечип берейин деп барган эмесмин. Тескерисинче, жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сүйлөшүүлөргө тоскоол болбой, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырдым. Алтыбаева өзү чыныгы кырдаалды билбесе керек, эл ал кезде тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө маани бербей, таш менен мынтыгын көтөрүп чыгып, баарына даяр болуп калганын. Тажикстан тараптан да белгилүү коомдук ишмерлер, саясатчылар барып, элин сабырдуулукка чакырып жатышты. Бул туура көрүнүш. Ал эми Алтыбаева менин ал жакка барганымды келерки парламенттик шайлоо менен байланыштырып айтып отурат. Алтыбаева кайдан билет, балким, мен бул шайлоого катышпай да калам. Ошондуктан, ал түзүлгөн абал боюнча туура эмес сөздөрдү тандап алган", - деди Ташиев.

Сиз Баткенге барып келгенден кийин жергиликтүү элдин арасында, иштей албаган коркок аткаминерлерди айдаш керектиги, сизди губернаторлук кызматка дайындоо зарылдыгы жөнүндө айтышкан экен. Сизге ушундай кызматты сунуш кылыша турган болсо, барат белеңиз?

"Мен ал жерге кызмат үчүн барганым жок. Элибиздин кыйналганын жана түзүлгөн абалды көрүп туруп, жөн отура алмак эмесмин. Жүрөгүм ооруду, ичим ачышты, ошондуктан ал жакка барып, баарын өз көзүм менен көргүм келди. Ал эми жергиликтүү бийликтин кандай иш жүргүзүп жаткандыгына эл өзү баа берет, - деп жооп берди саясатчы.

Республиканын ММК вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду тажик атайы кызматтарынын тыңчысы катары айыптап жазып жаткандарына Сиз ишенесизби?

"Бул маселе боюнча кандайдыр-бир далилдүү документтер болмоюнча, так жоп берүү кыйын. Мындай айыптоолор ушак болушу мүмкүн, а балким чын эле ошондойдур. Биздин аткаминерлердин арасында да чет мамлекеттердин тыңчылары болуп калышы мүмкүн. Бирок, биз муну ачык биле албайбыз, - деп белгилеп өттү ал.

Ташиев маегинин аягында, Москвага барып саясатчы Бабанов менен жолукканын жана аны менен чогуу түшкөн фотосүрөтүн соцтармактарга жарыялагынан ырастады.

"Мен Москвага жеке иштерим менен, Италияда окуган уулумдун жумуштары боюнча баргам. Ошону менен катар Бабанов менен да жолугуштум. Анын кандайдыр-бир радикалдуу жаман ойлорун байкаган жокмун. Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошом деген жакшы ой-максаттары гана көрүнүп турат", - деп түшүндүрдү ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД