Нарындын базарында бычак жана урганга ылайыкталган куралдар ачык эле сатылу

Базарда бычак жана урганга ылайыкталган куралдар сатылып жатыптыр. Алардын баасы да арзан экен, каалагандардын баардыгы алса болчудай.

Эстелик үчүн ачкычка тагылуучу буюмду сатып алалы деп досторум менен базарга барганбыз. Бирок, ал жердеги көрүнүш бизди абдан таң калтырды. Нарын шаары, "Кадыр Ата" соода дүкөнү, ошол жердеги канцеляриялык товарлар менен бирге бычак жана урууга ылайыкталган буюмдарды сатып жатышыптыр. Алардын арасында Электрошокер да бар экенин өзгөчө белгилей кетким келет. Биз ал жерге барганыбызда сатуучу жок экен, анын ордунда 3-4-класста окуган бала туруптур. Айнеги сынык текчеде бычактар жана урганга ылайыкталган куралдарды көрүүгө болот. Бул жерде видеокамеранын да коюлганын көрө албадык. Мындай куралдардын сатылышына ким уруксат берген?

Элдик жаңылыкты Нурболот Моңолдоров жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД