Кытайдын жарандары жасалма документтер менен виза алышкан

2019-жылы 28-февралда КР УКМК жана КР ТИМ кызматкерлеринин мыйзамсыз миграцияга бөгөт койуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзүүсү учурунда, КЭР жарандарынын "Алтын Бугу" ЖЧКнын жасалма документтеринин негизинде Кыргыз Республикасында электрондук визаны алгандыгы аныкталды.

Маалыматка караганда, бул уюм ишмердик жүргүзүүгө уруксат берүүгө даярдалган документтердин бири катары, Өзгөн райондук социалдык фондунун башкармалыгынан социалдык төлөм боюнча жасалма справка берилгендиги аныкталды.

2019-жылы 17-мартта бул факт КР Жазык кодексинин 232-беренеси (Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу) боюнча Жоруктар жана кылмыштар бирдиктүү реестрине катталган.

Бул кылмыш иши боюнча чогултулган материалдар Ош облусунун ЭККМКБна өткөрүлүп берилди. Азыркы убакта сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД