Кыз "ала качууга" катышкандар эки айга камакка алынды

Тергөө сотунун чечими менен "ала качууга" катышканга шектүү төрт жигит эки айга камакка алынды. Бул жөнүнүдө VB.KG редакциясына Бишкек шаарынын ИИББ билдирди.

Милиция белгилегендей, шектүү адамдардын үчөө – 1994-жылы төрөлгөндүгү, бирөө – 1993-жылы төрөлгөндүгү аныкталды. Азыр алардын баары Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек шаардык 1-Май райондук ИИБ тарабынан бул кылмыш КР Жазык кодексинин 175-беренесинин (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) негизинде Жоруктар жана кылмыштар бирдиктүү реестрине катталды.

Эске салсак, үсүтүбүздөгү жылдын 23-мартында шаардын Жибек Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жаш жигиттер кызга күч колдонуп машинага салып, Таласка алып барып никеге турууга мажбурлоого аракет кылышкан. ЖКККББнын кызматкерлери машинаны токтоткон кезде кыз кыйкырып жардам сурай баштаган. Алар кызды бошотуп, "ала качууга" катышкандарды камакка алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД