Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы алдамчылыкка жана уурулукка шектүү адамдарды кармады. Үстүбүздөгү жылдын 26-февралы күнү Октябрь райондук ИИБна шаар тургуну ишенимине кирип, 60 миң сом жана 1,7 миң долларын алдап алып, качып кеткен адамга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Бул факты КР Жазык кодексиндеги 204-берене боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө буга чейин бир нече жолу соттолгон шектүү - Жалал-Абад облусунун 1979-жылы туулган тургуну А.К. кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Ошондой эле 2018-жылдын 27-декабрында Свердлов райондук ИИБна шаар тургуну Осмонкул көчөсүндө жайгашкан үйүнүн эшигин талкалап, документтер салынган сейфти уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча КР Жазык кодексиндеги 164-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иш козголгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну Д.А.ны кармашты. Ал бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосуна алынган.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД