Эмне үчүн ЖКК бузуу штрафын автоунаанын мурдагы ээлери алышууда?

Айдоочулар соцтармактарда автоунаалардын жаңы ээлери ЖКК эрежесин бузгандыгы үчүн штраф жөнүндөгү токтомдорду алып жатышкандыгы боюнча арызданушууда.

Айдоочу Таалай Абданбаев билдиргендей, ал бир нече жыл мурда автоунаасын сатып жиберип, документтерин дагы жаңы кожоюнга каттатып берген. Бирок, "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирээри менен, автоунаанын жаңы кожоюну эмес эле, так өзү штраф жөнүндөгү билдирүүнү ала баштаган.

-Автоунаа жаңы кожоюнга каттатылган убакта, ал жөнүндөгү маалымат тактык базасына киргизилет, бирок, техникалык ката кетип, базада эски маалымат калып калса керек. Бул жаран өзү автоунааны жаңы кожоюнга каттатып жатып, документти толтуруу учурунда ката кетирип алуусу да мүмкүн. Же ал жерде иштеген кызматкер да маалыматтарды алмаштырып жиберген, - деп VB.KG редакциясына түшүндүрмө беришти МКК басма сөз кызматынан.

Бул мекемеде белгилешкендей, маалымат базасында техникалык катаны оңдоо иштери жарандардын өздөрү кайрылгандан кийин жүргүзүлөт. Азырынча жарандардан мындай билдирүүлөр түшө элек.

МКК иштерине байланышкан баардык маселелер – өздүк документтердин даярдалышы, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кайрадан каттатылышы, архивдик документтер боюнча - жарандар төмөнкү ишеним телефон + 996 312 62-41-40 аркылуу кайрыла алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД