Чыныбай Турсунбеков: Партиянын биримдиги сакталууга тийиш

Депутат Чыныбай Турсунбеков КСДП партиясындагы бөлүнүүнү колдобойт. Ал баардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болот деген ишеничте. Бул жөнүнүдө ал "Марал" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айткан сөздөрү боюнча, партия биримдиги сакталууга тийиш.

-Мен КСДПдагы каршылашып жаткан тараптардын чогулушуна катышканым жок. Эгер кандайдыр-бир чыр-чатактар болсо, баардыгыбыз чогулуп аны талкуулашыбыз керек деп эсептейм. Андан кийин добуш берүү аркылуу чындык ким тарапта экендигин аныктап алса болот. Кимисиники туура же жок деп айтуу туура эмес, - деп белгиледи эл депутаты.

Мындан тышкары ал КСДП партиясындагы ынтымактын жоктугу жөнүндөгү журналисттердин суроосуна жооп берди.

-Жеке өзүм фракциянын баардык депутаттары менен мамилем жакшы: Атамбаевди колдогондор менен да, Омүркулов тараптагылар менен да. Эгер кандайдыр бир принципиалдуу маселелер болсо, мыйзам чегинде чечип алууга аракет кылам. Тактап айтканда, партиялык маселени фракция чегинде, ал эми депутаттыкын фракциянын отурумунда. Сеники туура эмес деген принципте иш алып баруу, менин ишенимиме туура келбейт, - деп кошумчалады Чыныбай Турсунбеков.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы кезексиз съезд өткөрүүгө камынып, анын күн тартибинде экс-президент Атамбаевди партиянын катарынан чыгаруу маселеси турат.

Өз кезегинде КСДП бул кыймылдын ишмердигин мыйзамсыз деп табууда. Партиянын съезди расмий түрдө 2019-жылдын 6-апрелинде өткөрүлмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД