Ибраимов көчөсүнө да коомдук унаа жүргүзүп койгулачы

Көптөн-көп сураныч, шаарыбыздын Ибраимов (Правда) көчөсүнө да башынан аягына чейин коомдук унаа жүргүзүп койгулачы – бул көчөдө автобус да, маршруттук такси да, троллейбус да жүрбөйт. Бул көчөдө жашагандар элдин катарына кирбей калганбы? Мисалы, Жибек Жолу – Ибраимов – Бөкөнбаев көчөсүнө жетиш үчүн, Совет көчөсүнө чыгууга туура келип, бул абдан көп ыңгайсыздыкты жаратууда.

Мындай айланып жүргөндөн көрө, түз жеткен жакшы эмеспи. Совет көчөсү менен жүргөн каттамдардын кээ бирлерин ушул көчө аркылуу жүргүзсө деле болот го?

Элдик жаңылыкты Айгүл жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД