Бабанов Кыргызстанга премьер-министр болуш үчүн кайтып келеби?

Президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, куугунтукка кабылган саясатчы катары өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон Өмүрбек Бабанов жакында кайтып келе тургандыгы жөнүндөгү сөздөр көптөн бери эле айтылып келүүдө. Бирок, бул ушак-айыңдар же анын партиялаштарынын көмүскө айткан сөздөрү болсо бир жөн, бул жөнүндө Өмүрбек Бабанов өзү да ачык эле айтып жатпайбы. Кече жакында ал Инстаграмдагы баракчасында кыргызстандыктарды Нооруз майрамы куттуктап жатып, "Жакында көрүшкөнчө" деп жазганы эмнени кыйытууда.

Эми мында эки гана суроо туулуп отурат: Бабанов Кыргызстанга качан кайтмакчы жана анын келиши менен парламенттик шайлоо алдында саясий аренада эмне күтүлмөкчү? Биринчиси жөнүнүдө айтсак, аны убакыт көрсөтөөр, бирок, Бабановдун көптөгөн жактоочулары ал жакында кайтып келет деген ишеничте болушууда.

Экинчи суроо бюнча саясат таануучу Марс Сариев VB.KG редакциясына берген маегинде, Бабановдун кайтып келиши мыйзамдуу түрдө акыйкаттыктын орнотулушун билдирерин белгиледи.

-Ага карата козголгон кылмыш иштеринин бири жабылган, экинчиси токтотулган. Бул кылмыш иштерин президенттикке жарыш убагында аны катардан чыгарыш үчүн жасалма түрдө козгошкон. Анткени Бабановдун "Республика" партиясы тарабынан президенттикке шайланып калуусуна жакшы мүмкүнүчүлүктөрү бар болчу, - деп жеке пикирин айтты Сариев.

Ал саясаттан кете тургандыгын билдиргени менен, кайтып келүүсүнүн негизги себептеринин бири – 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңешке шайлоо экендиги айтпаса да түшүнүктүү.

-Бабанов парламенттик шайлоого активдүү катышат жана анын конструктивдүү позициясы Кыргызстандагы саясий абалды турукташтырууга салымын кошууда ачык байкалмакчы. Менин оюмча, ал азыр Атамбаев менен биригип, бийликке оппозиция болбойт, тескерисинче, азыркы бийлик менен кызматташууга барат. Ал эми бийлик өз кезегинде Жогорку Кеңеште тарапташтардын көпчүлүк ордун алыш үчүн, парламенттик шайлоону мелжеп саясий партиялык блок түзөт. Бул блокко кирген партиялардын бири "Республика" болууга тийиш, - деп божомолдойт саясат таануучу.

Ошондуктан Бабановдун кайтып келиши, экс-президент, КСДП лидери Атамбаевге жана анын өз желеги алдына чакырып жаткандарга тоскоол болушу мүмкүн.

-Бабановдун өзү үчүн Кыргызстанда кандайдыр-бир коркунуч жок деген ойдомун. Анын үстүнө, азыр Жогорку Кеңеште премьер-министрди отставкага кетирүү маселеси көтөрүлүп жатпайбы. Мурда Бабанов куугунтукта жүргөндө деле, аны премьер-министр кызматына дайындоо мыкты варианттардын бири болмокчу, деп айтып келгем. Туруктуулукту жактаган Жээнбеков жана инновациялык-демилгечи Бабанов бекем саясий түзүмдү түзмөк, - деп сөзүн жыйынтыктады Марс Осмонкулович.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД