Ноорузга карата Чүй проспектисинин борбордук бөлүгү жабылат

Алдыда келе жаткан Нооруз майрамына карата даярдык көрүү иш-чарасынын жүрүшүнө байланыштуу, 18-19- март күндөрү кечки саат 17.00дөн 20. 00гө чейин Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде Эркиндик сейил багынан Панфилов көчөсүнө чейинки аралык убактылуу менен жабылат. Бул жөнүндө мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жогоруда аталган жолдордо машына тыгынына кабылбоо максатында, милиция кызматкерлери айдоочуларды алдын ала башка каттамдык кыймылды тандоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД