Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча бирдиктүү чечим кабыл алынды

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан кийин, эки тарап жолугушууларды өткөрүп, биридиктүү чечимге келишти. Бул документке Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Раззаков жана Тажик Республикасынын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшту. Бул тууралуу журналисттерге өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Документтин протоколуна ылайык, Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык унаа жолун куруу боюнча келишим түзүлдү. Чек арага жакын жайгашкан райондордо унаа каттамы мрдагы калыбына келтирилди. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков биринчи кезекте эки мамлекеттин жарандарынын кызыкчылыгын эске алынгандыгын айрыкча белгилеп өттү.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен Көк-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолунун курулушуна барып көрүп кайтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД