Жубайлары менен ажырашып, ысымдарын башка улуттардыкына алмаштыруунун себеб

2016-жылы ондогон кыргызстандыктар Түштүк Кореяга жумуш визаларын даярдоочу компаниянын ишмердиги боюнча милицияга арызданып кайрылышкан. Документтерди даярдоо үчүн адамдар 3 миңден 7 миң долларга чейин акча төлөшүп, бирок, же акчасын кайрый албай же документтерин ала албай калышкан. Бул маселе боюнча соттук жыйындын актылары Жогорку соттун сайтында жарыяланган.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, баардык жабыр тарткандарды (алардын кээ бирлери доолорунан баш тартышкан, ал эми сотто 8 арыз каралууда) бир схема боюнча алдашкан. Адамдар жарнама боюнча Түштүк Кореяга виза дарядоо үчүн компанияга кайрылышкан. Жолугушуу учурунда компаниянын кызматкери Б.С.А. документтерди даярдап элчиликке тапшыруу үчүн керектүү суммадагы акчаны талап кылган. Ал кардарларды жубайлары менен ажырашууга, жалган үй бүлө күтүүгө жана ысымдарын кореялыктардыкына алмаштырууга ишендирген. Ушуну менен бирге жабыр тарткандар сотто айтышкандай, фирманын кызматкерлери жалган документтерди даярдоону бир нече күндүн ичинде эле бүтүрүп беришерин айтышкан.

Айрым жабыр тарткандар өздөрүнүн көрсөтмөлөрүндө, компаниянын кызматкерлери райодук ЗАГСка келип, "Сайкал" деген паролду айтып жана жаңы ысым алуу үчүн документтерди тапшырышкан.

Документтер колуна тийгенден кийин "жаңы кореялыктар" виза алуу үчүн Түштүк Корея элчилигине кайрылышкан, бирок, ал жакта документтерди кабыл алуудан баш тартышкан. Фирма жабылып калгандыктан, документтерди даярдоого жардам көрсөткөнү үчүн берилген акчаларды кайтарып алуу да мүмкүн болгон эмес. Чыгымдын жалпы суммасы 3,5 млн сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, сот жообуна тартылган фирманын кызматкери мурда да жасалма документтерди жасагандыгы үчүн кылмыш жазасына тартылган. Бул жаңы схемада ал жалгыз иштеген эмес, аны менен бирге дагы үч киши сот жообуна тартылууда.

Свердлов райондук жана Бишкек шаардык соту фирманын кызматкерин күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Мындан тышкары ал башка жоопко тартылгандар менен бирге жабыр тарткандарга материалдык чыгымды төлөп берүү милдеттендирилген.

Бирок, Жогорку сот чечим чыгаруу үчүн далилдер жетишсиз деп таап, соттук ишти кайрадан карап чыгуу үчүн Бишкектин Сверлов райондук сотуна жиберген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД