Кыргызстандыктар эми Алматыга 30 минутада жетип бара алышат

Кыргызстандыктар эми Алматыга авиакаттам менен 30 минутада жетип бара алышат. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына "Манас Эл аралык аэропорту" ААК басма сөз кызматынын катчысы Алия Курбанова билдирди.

Анын сөздөрү боюнча, үсүтүбүздөгү жылдын 21-мартында казакстандык QAZAQ AIR авиакомпаниясы тарабынан Бишкек – Алматы жана Алматы – Бишкек каттамы ачылат.

-Бул авиакаттамдарын күнүнө дайыма 2 жолудан жасоо пландаштырылууда. Билеттин баасы 2940 сом жана андан жогору болот. Учуу убагы – 30 минутага жакын созулат, - деп түшүндүрдү Курбанова.

Мындан тышкары компания ушул жылы апрелде Алматы – Ош авиакаттамын ачууну пландаштырууда, деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД