Коомдук унаадагы "жапайы" айдоочулардын "жапайы" музыкасынан кантип кутулаб

Коомдук унаадагы "жапайы" айдоочулардын "жапайы" музыкасынан кантип кутулабыз?

Эртең мененкисин автобустарга жана бусиктерге көп түшөм. Булардын айдоочулары таң эртеден баштап өздөрү "жактырган" ырларын катуу чыгарып башкаларды тажатканына да көп жолу күбө болуп келем. Же бул музыка жагымдуу болсочу... Бул айдоочулар, айрыкча Бишкектин "жаңы конуштарына" каттагандар, музыканы кулак тундургуча катуу чыгарып алып бир тажатышат дейсиң.

Буларга караганда шаардын борбордук бөлүгүндөгү айдоочулар айырмаланып турушат, алар жргүнчүлөргө да маданияттуу мамиле жасашып, музыканы да акырын чыгарып угушат, ырлары да жагымдуу жана жүргүнчүлөр да тажабайт.

Бирок, "жаңы конуштарга" каттаган бул "жапайы" айдоочулардан жана алардын "жапайы" музыкасынан кантип кутулабыз?!

Анын бир гана жолу бар, буга тыйуу салуу керек! Тыйуу салууга болобу, анын кандай жолу бар? Автобус, бусиктерде музыканы койуу боюнча кандайдыр-бир шарттар барбы?

Бул автоунаалардын кожойундары жана Бишкек шаарынын мэриясы, музыканын катуу чыгышы жана жагымсыз ырларды угузбоого тыйуу салуу боюнча жүргүнчүлөргө так жана түшүнүктүү жооп берип койгулачы. Жүргүнчүлөр автобуска же бусикке жагымсыз ырларды угуш үчүн эмес, каалаган жерине тынч жетип алуу үчүн түшүп жатышканын айдоочулар кээде унутуп калышкандай түрү бар.

Коомдук унаада музыка кандай угула тургандыгы боюнча адистерди чакырып койсоңуздар, алар айдоочууларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп беришсин. Ал эми автоунаалардын кожойундары жалдап алган айдоочуларынын кулактарына куюп эскертип коюшса жакшы болот эле.

Рахмат.

Элдик жаңылыкты Болот жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД