Жол эрежесин бузган такси айдоочусун сабап салууга кандай жаза каралган?

Кече жакында Соцтармакта эки айдоочунун көчөдө мушташып жатканы жөнүндө видео жарыяланды. Анын жыйынтыгында алардын бирөө – улгайган айдоочу –башын калкалап жерде жаткандыгын көрүүгө болот, ушул эле учурда башка автомашиналар үчүн жолдон өтүүсү кыйынчылыкка учураган.

Видео Манас жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде окуяга күбө болгондор тарабынан тартылып алынган.

VB.KG редакциясы түшүндүрмө берүүсү үчүн Бишкек шаарынын ИИББ басма сөз кызматына кайрылган. Ал жактан алынган маалымат боюнча, мушташка катышкан айдоочулар аныкталган. Бул факт КР Жоруктар кодексинин 119-беренесинин негизинде (Майда бейбаштык) Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталган.

Азыркы учурда соттук экспертиза жана сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп, мушташтын чыгыш себеби жана ага кимиси күнөөлүү экендиги аныкталууда.

Маалымат үчүн: КР Жоруктар кодексинин 119-беренеси. Майда бейбаштык

Майда бейбаштык, башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, буга тете эле мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолуучу, коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуучу атайылап жасалган аракеттер, -

II категориядагы айып пул (30 000ден 60 000 миң сомго чейин) же болбосо эркиндикти II категориядагы чектөө түрүндөгү (6 айдан 1 жылга чейин) жазага алып келет.

Соцтармакты колдонуучулардын пикири боюнча, такси айдоочусу – улгайган адам жол эрежесин өзү бузгандыгы белгиленет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД