МСК салык декларациясын тапшырбаган аткаминерлердин ысымдарын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди 1-апрелге чейин өз убагында Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга чакырат. Бул жөнүндө уюмдун басма-сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларацияны толтуруп жана электрондук түрдө гана жазып, жашаган жери боюнча салык органына тапшырууга тийиш. Бул декларацияны толтуруу, тапшыруу жана аны даярдоо иштерин бир канча жеңилдетет.

Мыйзам боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин МСК декларацияны өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ысымдарынын тизмесин жарыялай баштайт жана прокуратура органдарына кайрылат.

Эске салсак, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тышкары үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин декларацияны жеке ишкерлер, менчик кыймылдуу/кыймылсыз мүлкү жана жер тилкелери барлар, дыйкан жана фермерлик чарбалары тапшырууга тийиш.

Бул маселе боюнча кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана МСК Call-борборунан 194 номери аркылуу же www.sti.gov.kg/ сайтынан алууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД