Окуучунун апасынан мектеп фондуна акча төлөп берүүсүн талап кылышкан

VB.KG редакциясына Бишкек шаарындагы № 38-мектептин окуучусунун апасы кайрылып, мектеп фондуна акча төлөп берүүнүн талап кылуу маселеси боюнча жардам берүүнү өтүндү.

-Мен мектеп фондуна 500 сом, 500 сом кароолчуга, мектепти оңдоп-түзөө иштерине 500 сом төлөп бердим. Бирок менин окуучу балам аркылуу 5000 сом төлөп берүүнү талап кылышууда. Мындай өлчөмдөгү акчаны кайдан табам, менин айлык акым ушунча суммадагы сомду түзөт. Мен аларга мындай суммадагы акчаны төлө бергенге мүмкүнчүүлүгүм жок деп түшүндүрдүм. Бирок, мени эч кимиси угуп да койгон жок, менин окуучу балам аркылуу талап кылууну улантышууда, класс жетекчиси да телефон чалды. Мен Билим берүү министрлигине телефон чалып, жардам сурап кайрылууга аракет кылдым эле, бирок, жооп беришпегенинен сүйлөшө алганым жок. Эми эмне кылаарымды билбейм, башкы прокуратурага кайрылсамбы деп ойлонуп отурам.

Анын айткандарына караганда, өзү да мугалим болуп иштейт жана мектепте акча талап кылууга тыйуу салынганы боюнча маалыматы бар.

Белгилүү болгондой, мектеп фондуна ата-энелер өз эрки менен жардам катары акча төлөшөт, анын өлчөмү жана шарты ата-энелер комитети менен талкууланат.

VB.KG редакциясы мектеп жетекчилиги тараптын пикирин да угууга жана тиешелүү органдарга түзүлгөн абалды толугу менен карап чыгуусу үчүн арыздануучунун маалыматын берүүгө даярданууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД