Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу дээрлик 8,5% көбөйд

2019-жылы 28-февралда КР экономика министри Олег Панкратов менен Өзбек Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым элчиси Комил Рашидовдун жолгушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда кыргы-өзбек кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуулар болуп, 2019-жылга карата пландаштырылган мамлекеттер аралык негизги иш-чаралар талкууланды.

Тараптар мындан ары да пайдалуу кызматташуунун жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары жайылтууга даяр экендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын товар алмашуу структурасы 5.0%, анын ичинен экспорт – 9,0%, импорт – 3,6% ээлейт.

2018-жылы Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы товар алмашуу 336,5 млн АКШ долларын түзгөн жана 2017-жылга салыштырмалуу 8,6 % көбөйгөн, анын ичинен экспорт – 158,5 млн АКШ доллары (өсүш 8,3%), импорт 178 млн АКШ доллары (өсүш 8,8%).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД