Белгилүү стилист А. Мамбеталиева жол кырсыгына кабылды

Бишкекте белгилүү стилист Асел Мамбеткалиева жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ЖККББ билдирди.

-Жол кырсыгы 17-февраль күнү эртең мененки саат 8де болгон. Лексус автоунаасынын айдоочусу Дэн Сяопин жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде рулду башкара албай жолдун четинде орнотулган түркүккө урунуп, окуя болгон жерде каза болгон, - деп айтышты ЖККББ кызматкерлери.

Кырсыкка кабылган учурда Асел жүргүнчү ордунда болгон. Азыркы учурда Асел Мамбеткалиева Бишкектеги ортопедия жана травматология борборунда комада жатат. Дарыгерлердин айтымында, бир операция жасалды. Кийинки операциянын азырынча зарылдыгы жок. Анын баш мээси чайкалып, кабыргасы сынып, боору айрылып кеткен. Жакындары ага жардам топтоодо. Анын үч баласы бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД