КТРК жетекчилиги кызмат ордуна 11 талапкер арыз берди

КТРКнын байкоочу кеңешине башкы директорлук орунга жарыяланган сынакка 11 арыз келип түштү. Бул тууралуу VB.KG редакциясына байкоочу кеңештин мүчөсү Игорь Шестаков билдирди.

Анын айткандарына караганда, бүгүн кечки саат 17.00дө бул кызмат ордуна талапкерлердин арызын алуу мөөнөтү аяктайт.

-Убакыт келээри менен байкоочу кеңештин мүчөлөрү талапкерлердин арызы жазылган конверттерди ачышат. Азырынча алар жабык конвертте болгондуктан, биз алардын ысымдарын атай албайбыз, анын үстүнө бүгүн эле өлкөнүн телеканалынын жетекчилигине татыктуу адамдын ысымын аныктоо мүмкүн эмес болсо керек - деди Игорь Шестаков.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айынын орто ченинде азыркы КТРК телеканалынын директору Илим Карыпбековдун кызмат аткаруу мөөнөтү аяктайт. Ошол убакытка чейин байкоочу кеңештин мүчөлөрү жаңы жетекчини тандап алуулары керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД