Туйгуналы Абдраимов менен Алмазбек Атамбаев жолугушту

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековду ынтымакка чакыруу мүмкүндүгүн талкуулоо үчүн Бириккен Араб Эмиратына барган. Бул жөнүндө ал "Азия ньюс" гезитине берген маегинде айтып берген.

Анын сөздөрүнө караганда, экс-президент менен маектешүүнүн максаты Кыргызстандын келечегинде тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүү болгон.

"Биз учакта кокусунан жолугушуп калдык, сүйлөшүүбүз жылуу маанайда өттү. Атамбаев менен Сооронбаевдин ынтымакка келиши элибиздин ынтымагын чыңдоого түрткү бермекчи. Мен ал жактан кайтып келгенден кийин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп сүйлөштүм, - деди Абдраимов.

VB.KG редакциясы чет өлкөдө өкмөттүн ыйгарым өкүлү менен экс-президенттин жолугушуусу жөнүндө сурап КСДП өкүлдөрүнө кайрылганында, алар кийин түшүндүрмө беришээрин убада кылышты.

Белгилей кетсек, мындан мурда жергиликтүү ММКлардын бири, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым өкүлү Туйгунаалы Абдраимов мамлекет жетекчисинин тапшырмасы менен, Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу үчүн БАЭге барып келгендигин кабарлаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД