"Коопсуз шаар" долбоору: Биринчи күндө эле 14 000 эреже бузуу катталды

"Коопсуз шаар" системасы биринчи күндө эле 14 миңге жакын жол кыймылынын эрежелерин бузууларды каттады. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына ЖККББ пресс-кызматчысы Тилек Оторов билдирди.

-12-февраль күнү кечки саат 17.00. чейинки алынган мындай маалыматтар, 14 миңге жакын эреже бузуулар катталгандыгын билдирет. Бул жерде сөз системанын ЖКЭ бузуу катары берген маалыматы жөнүнүдө жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Алынган маалыматтар иштелип даяр болуп, аларга юридикалык баа берилди. Ар бир катталган маалымат боюнча акт түзүлүп жана штраф салуу жөнүндө чечим кабыл алынды, - деп түшүндүрдү Тилек Оторов.

Маалыматтардын баардыгы такталгандан кийин ЖККББ кызматкерлери эреже бузгандык боюнча 761 акт түзүшүп, айдоочуларга жалпы суммасы 878 миң сом штраф салынат. Ошол эле учурда ЖККББ тарабынан мониторинг борборунун кызматкерлери келип түшкөн материалдардын көп болгонуна карабастан, аларды иштетип даярдаганга жетишип жаткандыгы белгиленди.

Эске салсак, 12-февралдан баштап Бишкек шаарында жана Чүй облусунда "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД