Алтын буюмдарды сыртка алып чыгуу аракети катталды

"Манас" эл аралык аба майданынан алтынды мыйзамсыз чыгарып бара жаткан фактынын бети ачылды. Бул жөнүндө Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-февралда "Манас" эл аралык аэропортунун залында саат болжол менен 5.00. бажы кызматынын кызматкерлери КР УКМК менен бирдикте Бишкек – Дели аба каттамы менен учмак болгон кыргызстандык жаранды А. Б. кармашкан. Текшерүү маалында анын жанынан 471,9 грамм алтын буюмдары табылган. Материалдар Унаа прокуратурасына иликтөөгө жиберилди.

Эске салсак, акыркы кезде Кыргызстандан Индияга алтын буюмдарын мыйзамсыз ташуу боюнча үч жолу аракет жасалгандыгы катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД