Шадиевдин качып кетишине прокуратуранын күнөөсү бар экендигин айтты

УКМК АКК жетекчиси Шадиевдин качып кетишине Башкы прокуратуранын күнөөсү бар экендигин айтты

Тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан учурунда экс депутут Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн качып кетишине ким жооп берет? Депутат Рыскелди Момбековдун бул суроосуна УКМК АКК жетекчиси Сагынбек Исмалиов мындай жооп берди.

-Эгер биз жиберген материалдар боюнча Башкы прокуратура дароо кылмыш ишин козгогонунда, ал качып кете албай калмак. Ошол аралыкта жаралган убакыттан пайдаланып, Шадиев мүлкүнүн жарымын башка бирөөлөргө жаздырып, өлкөдөн сыртка качып кеткенге үлгүргөн. Азыр биз анын мүлктөрүн мамлекетке кайтарып, андан кийин мамлекеттин пайдасына кайтаруу боюнча иштерин жүргүзүп жатабыз, - деп түшүндүрдү ал.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеште депутаттар Бишкек ЖБЭ оңдоо иштери боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин отчетун угууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД