Штрафтык токтотмолордо дээрлик 3 миң автоунаа токтоп турат

Жогорку Кеңеште Мухаммедкалый Абылгазиев башкарган министрлер кабинетинин ишин сынга алуу улантылууда.

Депутат Дастан Бекешов жаңы Кодекстерге түзөтүүлөрдү киргизүү талкууланып жаткан учурда, айдоочулар былтыркы жылдан бери штрафтык токтотмолордон өз машиналарын ала албай жатышканын белгиледи. Анткени Административдик кодекстин тартип бузулар кодексине өтүү процедурасы каралбай калган.

-Эгер алар сотко бере турган болушса, утуп алышат. Анткени эл мунун айынан убара тартып жана акча төлөгөнгө мажбур болуп жатат, буга өкмөт, муну баса белгилеп кетким келет, ИИМ эмес өкмөт күнөөлүү, - деп эскертти депутат.

ИИМ министринин орун басары Курсан Асановдун маалыматы боюнча, жаңы Кодекстердин күчүнө киргендигине байланыштуу 2874 иш каралбай калгандыктан, ушунча машина штрафтык токтотмолордо турат. Дастан Бекешовдун эсеби боюнча, бул машиналардын кожойундары 7,5 миң сомдон штраф төлөп берүүгө тийиш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД