Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Кыргызстанда эл аралык террористтик уюмдун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды.

Бул жөнүндө УКМК басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, үстүбүздөгү жылдын 29-январында УКМК тарабынан терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаранын негизинде, КР жараны М. Х. Кармалды. Ал эл аралык издөөдө жүргөн.

"Такталган маалыматтар боюнча, шектүү 2015-жылы "жихад" идеологиясын көздөп Сирияга кеткен. Эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп, куралчан согушкерлерге кошулуп Сириянын өкмөтүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан. Кийин ал ШКУ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген", - деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД