Улгайган мугалим өспүрүм окуучуну жакалаганда...

Окурмандар VB.KG редакциясына мектепте окуу учурунда тартылып алынган видеону салып жиберишкен. Ал видеодо улгайган мугалим окуучу балага карата күч колдонгону көрсөтүлгөн.

Бул көрүнүш күбөсүнүн түшүндүргөнүнө караганда, окуя Жала-Абад облусунун Сузак районундагы Карамат айылынын Жапарбаев атындагы орто мектебинде болуп өткөн. Кадрда 80 - 86 жаштагы мугалим К. 12 - 13 жашар өспүрүм окуучуну жакадан алып, жулкулдатып, андан кийин партага жыгып, анда отурган окуучу кыздарды чочуткан.

Видеодо угулгандай, мугалим ушунтип күч колдонуп, ал окуучудан жооп алгысы келген.

-Муну ким айтты? Сен аны кимден уктуң? Айт! – деп кыйкырып жатат мугалим.

Бул видео качан тартылып алынганы такталган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД