Кыздарын батирге таштап кеткен аял табылды

Ош шаарында 2 жана 4 жаштагы кыздарын батирге таштап кетип, 10 күндөн бери изделип жаткан аял табылды. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Түштүк борбордун ИИБнин пресс-борбору билдирди.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянсак, аял өзүнүн жоголуу себебин үй бүлөлүк шарты менен түшүндүрдү.

-Турмушка чыккандыгыма байланыштту, көпкө чейин келе алганым жок, - деди ал.

Бул үй бүлө оор шарттарда жашагандыктан жана кичинекей кыздарга тийиштүү документтери жок болгондуктан, Ош шаарынын мэриясындагы социалдык өнүгүү башкармалыгы жана жашы жете элек балдар менен иштөөчү комиссиясы кыздарды 6 айлык мөөнөткө балдар үйүндө калтыруу чечимин кабыл алышты, -деп билдиришти ШИИБдан.

Эске салсак, милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзүп жатышып, Ош шаарындагы Өзгөн көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги батирден кароолсуз калтырылган эки кичинекей кызды таап алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД