Жээнбеков РФ ТИМ министри Лавров менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 4-февралда Бишкек шаарына расмий иш сапары менен келген РФ ТИМ министри Сергей Лавров менен жолугушту.

"Биз ар дайым россиялык досторубуз менен жолугушканыбызга кубанычтуубуз. Сиздин расмий иш сапарыңыз Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына жакында болуучу мамлекеттик иш сапарынын алдында өтүп жатат", деп Сооронбай Жээнбеков Сергей Лавров менен саламдашып жатып белгиледи.

"Владимир Путиндин иш сапары биздин өлкөлөрдүн өз ара өнөктөштүгүнүн негизиндеги тарыхый достуктун, шериктештиктин жана стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин билдирээрине ишенем", - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков. Ал Кыргызстандын ЕАЭСке кириши менен, кызматташуу мамилелери жаңы сапаттуу деңгээлге өткөндүгүн көрсөтөөрүн белгиледи.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн динамикасы өскөндүгүн да белгилей кетмекчимин, - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Россиянын ТИМ министри Мергей Лавров анын Бишкекке болгон иш сапары Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарын даярдоого жана өлкөлөр аралык комиссиянын 2019-жылы 1-мартта өтүүчү отурумуна арналгандыгын белгиледи.

Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдык маселелери боюнча, анын ичинде ШОС мамлекеттеринин жетекчилеринин Советинин отуруму жана 2019-жылы Кыргыз Республикасынын жетекчилиги алдында өтүүчү ОДКБ коллективдүү коопсуздук Советинин отуруму боюнча пикир алышуулар болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД