МКК айдоочулардын жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрүн берүүнү баштайт

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев айдоочулардын күбөлүктөрүн, унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо үчүн атайын бланктардын жаңы үлгүлөрүн киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчысына эл аралык талапка жооп берээрлик айдоочулардын өздүгүн аныктоочу жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрүн берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдоо иштери жөнүндө маалымат берилди.

Жаңы күбөлүктүн эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жакшыртылган дизайн, жана көп элементтери корголуп даярдалган үлгүсү сунушталат.

Бүгүнкү күндө МКК техникалык жана схемалык жактарын эске алуу менен жасалган айдоочулардын күбөлүгүн, унаа каражаттарын жана айдоочулардын жаңы курамын каттоо боюнча атайын бланктарды иштеп чыкты.

Айдоочулардын жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрү жасалмасы кыйын болгон өтө бышык пластикадан даярдалат. Бул Кыргыз Республикасында жасалып чыгарылган айдоочулар күбөлүгүнүн төртүнчүсү болуп саналат. Анын жарактуулук мөөнөтү 10 жылга эсептелген. Мындан тышкары унаа каражаттарын каттоочу күбөлүктү жаңы пластикалык карта түрүндө киргизүү пландаштырылууда.

Айдоочулардын жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрүн киргизүү Кыргыз Республикасынын жолдо жүрүү коопсуздугун реформалоо иш-чарасынын тизмесинде каралып, курсанттардын окуу деңгээлин көзөмөлдөөнү күчөтүп жана документти жасалмасын даярдап алуу мүмкүндүгүн жоймокчу.

Азыркы убакта колдонулган айдоочулар күбөлүгү мөөнөтү аяктагыча жарактуу болуп эсептелет, аны алмаштыруу өз каалоосу менен гана жүргүзүлөт.

Мындан тышкары айдоочунун күбөлүгүн, унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоочу бланктарды даярдоочу жеке компания мамлекеттик мекемеге өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу атайын бланктардын баасы бир топ, 40 – 50% арзандайт, анткени бланктардын баасын аныктоодогу жеке компаниянын тапкан кирешеси эсептелбейт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айдоочулардын жаңы үлгүдөгү күбөлүгүн берүүнү баштоодогу даярдык иштеринин жүрүшүн күчөтүү жана бул маселе боюнча жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө маани берүү тапшырмасын берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД