Кен байлыктарын иштетүү тармагында паракорчулукка жол берилбеши керек

30 январда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында "Кыргыз Республикасынын тоо-кен байлыктарын иштетүү тармагында коопсуздук маселеси" боюнча КР Коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Президенттин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-январына карата, эгемендикти алган жылдардан бери жер казынасын пайдалануу укугуна ээлик кылуучу лицензиялардын саны 2571 жеткен.

-Алтын кени чыккан жерлердин дээрлик баардыгына геологиялык изилдөө жана аны өздөштүрүү үчүн жеке компанияларга уруксат берилген. Бирок, көп учурларда мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктары корголуп калган учурлар басымдуу болуп кеткен. Анын айынан лицензия берилип, бирок, кен чыккан жерлер өздөштүрүлбөй турган жагдай түзүлүп, алып-сатарлыкка жол берилип калган. Ким кен иштетүү тармагында иштесе, мындай схеманы жакшы билет. Ошондуктан лицензия берүүдө ишти ачык-айкын алып барууну тапшырдым, - деди Сооронбай Жээнбеков.

-Паракорчулуктун айынан чын ниети менен иштегиси келген инвесторлор жабыр тартууда. Бизнесмен ишти баштай элек кезинде эле, аны акча төлөөгө мажбурлаган учурлар да кездешет. Азыр эле пайда табуу максатында аларга тоскоолдуктарды уюштурушат. Белгилүү компаниялар өз кадыр-баркын жоготуп алууну каалабайт, ошондуктан бул жакка келишпейт, - деп билдирди президент.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД