Жээнбеков: Мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу боюнча берген убадам атка

"Мугалимдердин жана врачтардын айлык акысын жогорулатуу боюнча берген убадаларым ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыгы жогорулатылды, эми кезек мугалимдердикинде", - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 9-январда Чүй облусундагы Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда.

Мамлекеттин жетекчиси белгилегендей, ал жетекчилик кызматка келген алгачкы күндөрүн өзүнүн шайлоо алдында берген убадаларын аткаруудан баштаган.

"Менин негизги убадаларым – аймактарды өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, өлкөнүн сугат системасын жакшыртуу, паракорчулук менен айоосуз түрдө күрөшүү. Мен элиме дагы бир маанилүү ишти убада кылгам. Бул – мугалимдер менен врачтардын айлык акыларын жогорулатуу", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилеп өткөндөй, айлык акыны жогорулатуу үчүн, өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртуу, мамлекеттик бюджеттен уурдоону токтотуу жана кирешени көбөйтүү зарыл.

"2018-жылы биз мына ушул багыттар боюнча иштедик жана калктын жашоо шартын жакшыртуу үчүн зарыл шарттарды түздүк. 2018-жылдын 1-январынан баштап медиктердин айлык акысы жогорулатылды. Бул этапта үй бүлөлүк врачтардын жана медайымдардын, фельдшер-акушерлердин маяналары жогорулатылды. Кийинки этапта ооруканада иштеген кызматкерлердин айлык акылары жогорулатылмакчы. Өкмөт Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте ушул багыт боюнча иштеп жатат", - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД