Адахан Мадумаровдун талапкерлигин премьер-министрликке сунушташууда

Саясатчылардын ичинен кимиси министрлер кабинетинин башчылыгына татыктуу? – деген суроого:

-Канчалык кайчылаш пикир жаратпасын, мен министрлер кабинетинин башчылыгы кызматына Адахан Мадумаровдун дайындалышына жакшы көз карашта болмокмун. Анын өз алдынча ой жүгүртүүсү бар, коомубузда азыркы болуп жаткан көрүнүштүн баарын сындап келүүдө, - деп VB.KG редакциясына билдирди парламент депутаты Исхак Масалиев.

Исхак Абсаматовичтин айткандарына караганда, Адахан Кимсанбаевич бул кызматка келсе, өзүнүн идеяларын ишке ашырууга аракет кылмак.

-Чындыгында ал депутаттардын көбүн сынга алып тургандыктан, парламентке келгенинде көйгөй жаралышы мүмкүн. Ошондой болгону менен, бул же тигил маселе боюнча президентке өз пикирин түз айта ала турган саясатчы. Ал эми Жазык кодекстерине түзөтүүлөр киргизилип жаткандагы мисалын алсак, мунун өзү маанилүү. Бизде азырынча парламенттик башкаруу тамырын жая элек, болгондуктан, өз алдынча иш алып бара ала турган, чечкиндүү адам керек. Мындай фигура биздин коомдогу туруктуулуктун бекемделишине салымын кошмок, - деп эсептейт депутат.

Ошону менен бирге Масалиев министрлер кабинетинин башчылыгына депутаттык фракциялардын лидерлеринин же анын мүчөлөрүнүн биринин дайындалышына каршы экендигин билдирди.

-Парламент – бир бүтүн орган, бирок, ЖКнын фракцияларда өз кызыкчылыгы үчүн күрөш башталат. Ошондуктан тигил же бул партия тарабынан дайындалган кызматкер аларга көз каранды болуп, өз алдынча фигура боло албай калат, - деп толуктады депутат Масалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД