Өкмөттүн отставкасы. Серепчилер жана депутаттар март айына прогноз жасашууд

Акыркы убактарда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана серепчилердин арасында өкмөттүн отставкага кетүүсү жакындап калгандыгы жөнүндөгү кабарлар көп айтыла баштады. Ал турсун болжолдуу мөөнөттөр – жакынкы айларда же болбосо ушул жылдын жаз мезгилинде күтүлөөрү да аталууда.

Мындай сүйлөшүүлөр, серепчи Марат Казакбаевдин сөзүнө караганда министрлер кабинетинин жана анын жетекчисинин натыйжасыз иштеп жаткандыгына байланыштуу.

-Экономикалык көрсөткүчтөр нөлгө барабар, ал эми экономиканы өнүктүрүүгө керектүү каражатты жыйноону көчөдө түкүргөндөргө штраф салуу менен ишке ашыра албайсың. Ушуну менен бирге өкмөт программасы да, концепциясы да жок, эч даярдыксыз иштөөдө. Премьер-министр өзүн тажрыйбалуу адис катары көрсөтө алганы менен, чынын айтканда министрлер кабинетинин ишинин натыйжасы аз болууда. Алар өз ишин комплекстүү алып баруусу керек, бирок, вице-премьерлердин мисалында көрүнүп тургандай, иш уюшкандык менен жүрбөй жаткандай.

Ошондуктан мен азыркы өкмөттүн март айында отставкага кетүүсү мүмкүн экендигин жокко чыгара албайм, - деп белгиледи Казакбаев VB.KG редакциясына.

Серепчинин мындай көз карашы менен депутаттар да макул болушту. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикирине караганда, быйылкы каржылык жылы кандай аяктаарын карап көрүү керек.

-Эгер экономикада зарыл өнүгүү көрсөткүчү жок болсо, салыктар чогултулбаса, анда министрлер кабинетин алмаштыруу маселесинин келип чыгышы толук мүмкүн. Анын үстүнө биз былтыркы жылдын баштылышында бул өкмөттү бекитип жатканыбызда, анын структурасынын жана концепциясынын жоктугуна көңүл бурганбыз. Күз айында алар бизге программаны жаңылантууну убада кылышкан, бирок аны жасашкан жок. Анын формасы эч өзгөрүүсүз калып, курамы гана бир аз өзгөрдү. Ошондуктан чынында эле аны алмаштырууга негиз бар. Анын үстүнө өлкөнүн бүгүнкү күндөгү абалына эч жооп бербейт, ал эми анын чечимдери көптөгөн нааразычылыктарды жаратууда, - деп белгиледи Масалиев VB.KG редакциясына.

Анын Жогорку Кеңештеги коллегасы Евгения Строкова өкмөттүн курамын толук алмаштыруунун кереги жок, анткени, мындай чара көрүү өлкөдө туруксуздукту алып келүүсү мүмкүн деп эсептейт.

-Жеке өзүм өкмөт толугу менен отставкага кетпейт деген ишеничтемин. Бирок, министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн алмаштырылышын каалар элем. Мен Билим жана Саламаттыкты сактоо министрлеринин ишине нааразымын. Маданият жана Социалдык жактан өнүктүрүү тармактарынын министрлерин алмаштыруунун зарылдыгы жок, анткени алардын жетекчилери кызмат орундарына жаңы эле келишип, өз ишмердигин көрсөтүшө элек. Өкмөттүн аппаратындагы айрым кызматкерлерди "тазалоо" керек деген ойдомун. Алар керектүү сунуштарды жана маалыматтарды депутаттарга жана өкмөттүн жетекчилерине жеткирбестен, куру жоопторду жазуу менен чектелишет, - деп түшүндүрдү Строкова VB.KG редакциясына.

Депутут жалпысынан алганда өкмөттүн курамын толугу менен алмаштыруунун зарылчылыгы жок деген ишеничте.

-Бул жөн гана убакытты коротууга алып келет. Премьер-министрди да алмаштыруунун кереги жок, менин оюмча ал өз мүмкүнчүлүгүн аягына чейин колдоно элек. Кезектеги отставка натыйжалуу боло алабы? Кайрадан келечекте жакшылыктын кепилдигин бербеген дагы кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы башталат. Ошондуктан өкмөттүн жана министрлер кабинетинин айрымдарын отставкага кетирүү менен чектелгенибиз жакшы болмокчу, - деп сөзүн жыйнтыктады депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД