Күзүндө парламентте кезексиз шайлоолор күтүлөбү?

Кезексиз шайлоолор күтүлөт дегенге формалдуу негиз бар. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Феликс Кулов өз оюн айтты.

- Чынын айтканда азыр КСДП жана РАЖ эки саясий партиялары парламентте өз иштерин жүргүзө албай калды.

РАЖдын лидери партияны жетектөөдөн жана саясатка катышуудан расмий түрдө баш тартты. Ал эми парламентте өздөрүн жөн гана РАЖ партиясынын өкүлдөрүбүз деген депутаттар бар. КСДПда деле ушундай көрүнүш. Мына ушуну негиз катары айтсак болот, - дейт Феликс Шаршенбаевич.

Парламенттеги бул партиялардын эки фракциясында – эми партиялык линияларды карманбаган, өзүнчө эле депутаттар отурушат.

- Ал эми шайлоочулар депутаттарга эмес, партиялар үчүн добуштарын беришпеди беле, - деп эске салат Кулов. – Ошондуктан азыр биздин парламент толук кандуу иш алып бара албай жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД