Балыкчы шаарынын прокурору кызматынан четтетилди

23-декабрь түнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү прокуратуранын жана ОИЖКК кызматкерлеринин ортосунда чатак чыккан. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасынын пресс-кызматы VB.KG редакциясына билдирди.

Сөз айтып нааразылашуунун кесепетинен прокурордун жардамчысы милиция кызматкерин муштап жиберген. Ушул эле күнү КР КЖК 305-беренесинин 2-б. боюнча (Күч колдонуп кызмат абалынан аша чапкандык же аны колдоном деп коркутуу) кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары болгон окуяны териштирүү үчүн кызматтык иликтөө башталды, - деп түшүндүрүштү Генералдык прокуратуранын кызматкерлери.

Балыкчы шаарынын прокурорунун эки жардамчысы тең кызматтарынан бошотулду. Андан тышкары шаардын прокурору да кызматынан убактылуу четтетилди. Ал бул чатакташууга катышкан эмес, деп белгилешти көзөмөл органындагылар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД