Эдиль Байсалов "Атамбаевсиз КСДП" кыймылына кошулду

Бүгүн шаардын Октябрь районунда өтүп жаткан "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын конференциясында, коомдук ишмер Эдиль Байсалов экс-президенттин дарегине кескин сын айтып чыкты.

Анын сөздөрү боюнча, партия бир адамдын өздүк менчиги болбошу керек.

-Бул адам бүт өмүрүн элди пайдалануу менен өткөрүп келди. Биз аны президенттик тактыга отургуздук, бирок, ал 2010-жылы мен дагы борбордук аянтка чыгууга үндөгөн элди эсинен чыгарып, сатып кетти. Мен аны алгачкы жылдары колдоп келгем жана ал Түлеев менен Келдибековду түрмөгө камаганында да колдогом. Бирок мен калган баарыбыз сыяктуу эле жашоо-турмушубуздун оңолуусун күткөм. Мунун ордуна ал партияга капчыктууларды алып келди. Мен алардан, ушундан кийин силер кантип социал-демократ боло аласыңар? - деп сурагам. Аларды биздин өлкөнүн тагдыры кызыктырбайт. Алардын баары социал-демократиянын идеяларын сатып жиберишти, - деди ал.

Мындан тышкары Байсалов "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын өкүлдөрү менен тилектеш экендигин билдирди.

-Мен социал-демократмын жана Ниязовдун же ага окшогондордун мандатынын мага кереги жок. Мен алгачкы минуталардан баштап "Атамбаевсиз КСДП" кыймылын колдойм жана "Апрелдин" мырзаларына – бул жерде чыныгы жолдоштор, ал эми тигил жакта мырзалар отурушат деп айткым келет. Биз Атамбаевди булганыч шыпыргы менен биздин партиядан кубалап чыгабыз! – деп кошумчалады активист.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД